Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан Оманды жеңди

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан Оманды жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда алгачкы жеңишке ээ болду.

Беттеш 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, кыргызстандыктар Оман курама командасын 1:0 эсебинде жеңди. Оюндун 49-мүнөтүндө Одилжон Абдурахманов биринчи голду киргизди.

Кыргыз курамасы D тайпасындагы турнирдик таблицада алгачкы 3 упайга ээ болуп, бул көрсөткүч боюнча Оманды кууп жетти.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен D тайпасына жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>