Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбыз
09.09.2026 | 12:15

Президент Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, анын айтымында, коомдогу туруктуулукка терс таасир тийгизгендерге мыйзам чегинде катуу чара көрүү зарылдыгын билдирди.
Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып мамлекет башчысы маалыматтарды текшербей жана анын кесепеттерин эске албай жайылтуу барган сайын кадимки көрүнүшкө айланып баратканын белгиледи.
«Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин башынан сылап отурбайбыз», — деди президент.
Ал буга чейин да мындай аракеттерге чара көрүү зарылдыгы тууралуу айтканын эске салды.
«Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айта кетейин», — деди Садыр Жапаров.
Теги: Садыр Жапаров