Ардагер Хусаин Мухамеджановго материалдык жардам көрсөтүлдү  

Ардагер Хусаин Мухамеджановго материалдык жардам көрсөтүлдү  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы Хусаин Мухамеджановду келе жаткан 9-май майрамы менен куттуктады.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, министрдин орун басары Ж.Полотова согуштун майыбы Хусаин Мухамеджановду алдыдагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Хусаин Мухамеджанов 1925-жылы туулган. 1942-жылы май айында фронтко өз ыктыяры менен барган. Украина фронтунун катышуучусу Бессарабия, Румыния, Венгрия, Югославия, Австриядан өттү.

1943-жылдын мартында биринчи жаракат алгандан кийин, «аскердик кызматы үчүн» медалы менен сыйланган.

Кийин «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Министрлик Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине эстелик белектерди жана материалдык жардам көрсөттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>