ЖК депутаттыгына 32 талапкер ат салышууда. Алар кимдер?

ЖК депутаттыгына 32 талапкер ат салышууда. Алар кимдер?

Бүгүн, 8-майда Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды.

Аталган райондон эл өкүлү болууга 32 талапкер ат салышууда.

Буга чейин, 6-майда Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин бюллетендеги катар санын аныктоо үчүн чүчү кулак тартылган. Ага ылайык талапкерлердин бюллетендеги катар саны:

1. Айдаралиева Таалайгүл Муратовна, «Амина» коомдук фондунун директору
2. Айтбаев Акыл Казакович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
3. Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары
4. Мураталиев Бакытбек Баймбетович, убактылуу иштебейт
5. Сарылдык уулу Илгиз (Илгиз Шаменов), убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
6. Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери
7. Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт
8. Эмилов Темир Аттокурович, Бишкек ш.МАБ №3 башкы адис
9. Жээнбеков Равшан Бабырбекович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
10. Кадралиев Асылбек Мэлсович, «КФС» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруу комитетинин мүчөсү
11. Скорняков Андрей Владимирович, «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси
12. Айткулов Муктарбек Мукулович, убактылуу иштебейт
13. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
14. Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы  КУУнун филология окутуучусу
15. Керимбеков Бакыт Макенович, КР  Пауэрлифтинг федерациясы
16. Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы
17. Сариев Улан Алмасбекович, Бишкек шаардык кенешинин депутаты
18. Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт
19. Бекназаров Руслан Азимбекович, убактылуу иштебейт, Бишкектин Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары
20. Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы
21. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич, убактылуу иштебейт
22. Исмаилова Карачач Жумаевна,  мектеп мугалими
23. Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы
24. Тазабекова Гүлшат Алпамышовна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу
25. Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы
26. Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт
27. Ниязалиева Дамира Абаскановна, Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
28. Медеров Азамат Медерович, жеке ишкер
29. Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
30. Макешов Кубанычбек Бектемирович, «Альфа жана Омега» ЖЧКсынын башкы директору
31. Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча  комитет» коомдук бирикмесинин төрагасы, адвокат
32. Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>