Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
22.05.2026 | 11:38

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктардын чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып турганы аныкталганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, бул факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 20-майда аталган төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. кармалган.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында акчалай сый акы алуу боюнча көптөгөн фактылар такталган. К.А.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар