Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча болгон окуя мыйзам чегинде чечилип, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достукка доо кетирбейт деп ишенем. Бул тууралуу Россиянын Мамдумасынын “Единая Россия” фракциясынын төрагасынын орун басары Алена Аршинова телеграмм каналында билдирди.
«Евразия» АНО жана Кыргыз Республикасы жигердүү кызматташат. Кыргызстан биздин «Салттуу баалуулуктардын аймагы» флагмандык программабызга биринчилерден болуп кошулганын абдан баалайбыз. Биз биргеликте жаштарды тарбиялоого, мектептерге жардам берүүгө жана тарыхый чындыкты сактоого багытталган масштабдуу билим берүү жана патриоттук долбоорлорду ишке ашырабыз.
Алдыда бизди көптөгөн жетишкендиктер жана ачылыштар күтүп турганына ишенем жана айрым жагдайлар орус жана кыргыз элдеринин ортосундагы мамилени бузбайт деп ойлойм”,-деген ал.