Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко берди, — видео

Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко берди, — видео

Кыргыз мигрант менен мушташкан орус алып баруучусу Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко берди. Бул тууралуу шоумен инстаграм баракчасына билдирүү калтырган. 

Ассоль Молдокматова ал катышкан окуядан “хайп” жасоого аракет кылып, күчөтүп жибергендиктен анын өмүрүнө коркунуч жаралып, күзөтчү менен жүрүүгө аргасыз болгондугун билдирген.

Мына ошондуктан анын уйкусуз өткөргөн түндөрү, моралдык чыгымы үчүн 1 миллион доллар соттон өндүрүп берүүнү өтүнгөндүгүн билдирген. 

Эске сала кетсек, 11-августта Vj Archi атту лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде кыргыз мигрантты сөгүп, аягында кол көтөргөн.
Жаңжалга тез-татым саткан жайга Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы мушташка айланган.

Кийин Артур Цветков инстаграм баракчасы аркылуу аталган окуя тууралуу пикирин айтты. Анда ал тез-татым жайынын ээси кечирим сурагандыгын айтып, “Бир нерсе жакпагандар силерди мекениңер күтүп жатат”, – деп билдирүү калтырган.

Бул окуядан кийин ортого Орусиядагы кыргыз элчилиги кийлигишип, тараптар кечирим сурашып, ынтымакка келишкен.

https://www.instagram.com/p/CE87fbGj08_/?utm_source=ig_web_copy_link

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>