Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам 17-сентябрда ачылат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам 17-сентябрда ачылат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Бул тууралуу 10-сентябрда «Азаттыкка» Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт. Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду.

«Казакстан менен туруктуу каттам 17-сентябрда ачылат. Астана-Алматы-Бишкек каттамын азырынча жумасына эки жолу деп жатабыз. Кийин көбөйтөбүз. Өзбекстан менен да сүйлөшүлдү. Болжол менен 15-сентябрда Ташкент-Бишкек каттамы ачылат», — деди ал.

Акышев билдиргендей, азырынча Орусия менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү маселеси чечиле элек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жазында чек аралар жабылып, бардык туруктуу авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдар уюштурулуп жатты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>