КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Ашууларда кар жаап жатат, бирок жол ачык
26.12.2025 | 10:11

Бүгүн, 26-декабрь, саат 09:00го карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар жаап жатат.
Министрлик ал жерлерде жол тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди.
Ошондой эле тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүң кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүү эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом