Тизелеп кечирим сураган окуучу. Министрлик үн катты (видео)

Тизелеп кечирим сураган окуучу. Министрлик үн катты (видео)

Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу кызды классташ кызынан тизелеп кечирим сураткан окуя боюнча кимдер жазага тартыла турганын билдирди.

Бүгүн, 22-майда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Сузактагы окуя боюнча министр Каныбек Иманалиевге суроо узатты.

Иманалиев аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн айтты, ал эми суроого анын орун басары Токтобүбү Ашымбаева жооп берди.

«Сузактагы №16 мектепте болгон окуя боюнча иликтөө жүргүзүлдү. Учурда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына, мектептин жетекчисине чара көрүү боюнча мамлекеттик администрацияга сунуш берүү каралууда. Ошондой эле, мугалимге чара көрүү маселеси каралууда», — деди орун басар.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга окуучу кыз өзүнүн классташ кызынан тизелеп кечирим сурап жатканы тартылган видео чыккан. Видеодон чоң кишилер, анын ичинде мугалим кызды урушуп, классташ кызынан тизелетип кечирим суратып жатканын көрүүгө болот.

Видео соцтармактарга чыккандан кийин министрлик үн катып, окуя быйыл 31-январда №16 Сайдулла Акбаров атындагы мектепте болгонун билдирген. Видеодогу кыздар 7-класстын окуучусу болушат.

Министрлик аталган окуяга байланыштуу мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>