Аскат Алагозов Кыргызстанда чет элдик ЖАК бар деген маалыматты төгүнгө чыгарды

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өлкөдө кытайлык аскерлештирилген компания иштейт делген маалыматты жалган деп атады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы расмий баракчасына жазды.
Буга чейин социалдык тармактарда Айдар Раев аттуу колдонуучу Кыргызстанда 2016-жылдан бери «Вагнер» ЖАКына (жеке аскердик компаниясына) окшош жеке түзүм иштейт деп ырастаган видеосюжет тараган. Анын айтымында, 2018-жылы ал түзүм объектилерди кайтаруу үчүн курал алып жүрүүгө уруксат алган имиш.
Алагозов бул ырастоолор чындыкка дал келбесин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында бир дагы чет өлкөлүк жаран объектилерди куралдуу кайтарууну ишке ашырбайт, ал эми мындай ишмердүүлүккө мыйзам менен тыюу салынган.
Ал ошондой эле мындай билдирүүлөрдү таратуунун максаты — калк арасында дүрбөлөң жаратуу экенин баса белгиледи.
«Кыргызстандын аймагында кайсы бир чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же башка күч түзүмдөрү жок. Бул мүмкүн эмес», — деп билдирди Алагозов.
Анын айтымында, кендердеги жана башка ири биргелешкен объектилердеги коопсуздукту Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери же лицензиясы бар жеке күзөт уюмдары камсыздайт. Ошондой эле ал Кант шаарында Кыргызстандын ЖККУга (Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна) мүчө мамлекет катары эл аралык милдеттенмелеринин алкагында орусиялык бириккен аскердик объект иштеп жатканын эске салды.
Алагозов кошумчалагандай, анын маалыматы боюнча, Айдар Раев 2024-жылы АКШнын жарандыгын алган. Анын пикиринде, мындай билдирүүлөрдү Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдар болбогон тышкы күчтөр колдонушу мүмкүн.
Сөзүнүн аягында президенттин басма сөз катчысы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, жалган маалымат тараткандык үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.