Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Өзбекстандан келген 24 тоннадан ашык пияз өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды
04.08.2026 | 14:56

Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 24 миң 770 кг жаңы пияз «Достук» фитосанитардык көзөмөл пунктунан өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык милдеттүү маркировка болбогондугу аныкталган.
Мыйзам бузуунун негизинде жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынып, пияз Өзбекстанга кайра кайтарылган. Мекеме өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү улантыларын кошумчалады.