Саламаттык сактоо министрлигинин аудити: үч материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү

Эсептөө палатасы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышында каржылык мыйзам бузууларды аныктап, үч материалды укук коргоо органдарына жөнөттү, деп билдиришти Reporter.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан.
Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, алгач Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылга бюджети 40 млрд 571,2 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин такталган бюджет кирешелер боюнча 41 млрд 707,6 млн сомду, ал эми чыгашалар боюнча 42 млрд 195,5 млн сомду түзгөн. Ошол эле учурда кассалык чыгашалар 39 млрд 439,1 млн сом болгон.
Такталгандай, бюджеттик каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына жооп берген. Ошону менен бирге, аудит каржылык тартиптин сакталышына көзөмөл жетишсиз экенин аныктады.
Тактап айтканда, эмгекке акы төлөө шарттарын бузуу менен айлык акы төлөп берүү, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жогорулатып (ашыра) көрсөтүү, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланууда нормаларды сактабоо, ошондой эле негизсиз киреше алуу фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, аудиторлор бухгалтердик эсеп эрежелерин бузуу, анын ичинде негизги каражаттарды жана дебитордук карыздарды эсепке албоо, Бирдиктүү казыналык эсепти кыйгап өтүп каражаттарды коротуу, ошондой эле бюджеттик жоготууларды аныкташкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине жана ага караштуу мекемелерге аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, орду толтурулууга тийиш болгон каражаттарды кайтаруу жана каржылык тартипти бекемдөө тапшырылды.
Анара Мамытова