Санкт-Петербургда мигранттар үчүн ишке орношуу кыйла жеңилдейт

Санкт-Петербургда мигранттар үчүн ишке орношуу кыйла жеңилдейт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 5-июлда Миграциялык Альянс (Санкт-Петербург, Россия) Биримдиги менен миграциялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, документ кыргызстандык эмгек мигранттарын орусиялык ишканаларга ишке орноштуруу процессин жакшыртууга, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө, жарандарды ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшөт.

«Биз Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына жардам жана колдоо көрсөткөн орусиялык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани беребиз», — деди Кудайберген Базарбаев.

Меморандумга кол коюу биздин жарандарды иш менен камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча аракеттерди бириктирүүгө өбөлгө түзөт. Алдыда миграциялык борборду ачуу каралууда, анын ичинде Миграция альянсы союзунун жардамы менен бош орундардын бар экендиги, Санкт-Петербург шаарынын аймагында болуу жана убактылуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартиби жөнүндө маалымат берилет.

Миграциялык альянстын негиздөөчүсү, Bronka Group холдингинин башкы директору Никита Муровдун айтымында, Эмгек министрлиги менен кызматташуунун маанилүү максаты Санкт-Петербургдагы жана Ленинграддагы иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү платформасын түзүү болуп саналат.

«Биз бош орундарга талапкерлерди Орусияга келгенге чейин тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдарбыз. Меморандум уюшкан эмгек миграциясынын калыптануу процессине көмөктөшөт, бул өз кезегинде. жарандар үчүн миграциялык жол-жоболоштуруу маселелерин жөнөкөйлөтөт», — деди Никита Муров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>