Белгилүү россиялык актёр Дмитрий Лысенков: «Кыргызстандын жаратылышы — бул керемет!»

01.06.2026 | 13:13
Россиялык актёр Дмитрий Лысенков

Белгилүү россиялык актёр Дмитрий Лысенков май айындагы Кыргызстанга болгон сапарында өлкөнүн жаратылышына суктанды. Ал өзүнүн баракчасына үч видеоролик жарыялаган, алардын биринде Лысенковдун тоолорго, Көк-Мойнок каньондоруна барган учуру чагылдырылган. Ошондой эле актёр тоо дарыяларынын бирине жана Ысык-Көлгө түшкөн.

Видеоролик белгилүү италиялык ырчы, пианист жана композитор Паоло Контенин — Via Con Me композициясы менен коштолгон.

Кооз жаратылыштан тышкары, роликтердин биринде Бишкектин мозаикалары жана барельефтери тартылган. Ал эми видеону Васнецов атындагы Киров эстрадалык оркестринин аткаруусундагы «Гостья из будущего» («Келечектен келген конок») кинотасмасынын композициясы коштойт.

Колдонуучулардын биринин С. Айтиевдин мозаикасы тууралуу жазган комментарийине Лысенков өкүнүү менен мындай деп жооп калтырган: «Аты Улуттук көркөм сүрөт музейине берилген анын атасы — сүрөтчү Гапар Айтиевдин үйү кароосуз калган жайга айланып калганы гана өкүндүрөт…».

Актер сүрөтчү Андрей Михалевдин (1964-жыл) белгилүү «Элдердин достугу» («Конокторду тосуу») мозаикалык панносун көрүүгө үлгүрбөй калып, комментарийлердин биринде: «Келүүгө жарым жыл кечигипмин», – деп жазган.

Ошондой эле социалдык тармактын колдонуучулары актёрду абдан жылуу кабыл алышып, ага ыраазычылык билдиришти жана Лысенков өлкөнүн кооздугун таасын жеткире алган деген пикирлерин айтышты.

«Бүтпөс түйшүктүн айынан шаардын кооздугу көнүмүш нерсеге айланып калган эле, бирок биз көп көргөн нерсени сиздин — бизге келген адамдын көзү менен карап, Бишкекке кайрадан ашык болосуң! Рахмат», — деп nazikbabaeva6776 аттуу колдонуучу актёрго ыраазычылыгын билдирген.
«Менин Мекеним! Кооздук караган адамдын көзүндө. Сиз бул кооздукту баалап, аны ушунчалык кооз кылып бөлүшүп жатканыңызга абдан кубанычтамын. Рахмат», — деп ыраазы болгон lolik_ais аттуу колдонуучу.

Белгилей кетсек, Лысенков россиялык актриса Ольга Медынич менен бирге кыргыз кинорежиссёрунун тасмасына тартылуу үчүн май айынын ортосунда республикага учуп келген.

Дмитрий Лысенков — «Золотая маска» («Алтын маска») сыйлыгынын ээси. Ал «Вампиры средней полосы», «Чебурашка», «Бедные люди» жана «ИП Пирогова» сыяктуу тасмалары жана сериалдары аркылуу белгилүү.

Scroll to Top