Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарындагы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Асман шаарынын долбоорун, кагаздарды даярдоого 1,5 жыл убакыт кетти.
«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деди ал.
Жапаров билдиргендей, Асман шаарын сырттан келген инвесторлор курат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз