Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулат

Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулат

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик тил» жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, — деди В.Раимбачаева.

Соңунда мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.

“Тарыхый мыйзам долбоор 34 жылдан кийин кабыл алынып жатат. Президент мыйзамга кол койсо, мыйзамдын иштеп кетишине биз толук күчүбүздү жумшайбыз”, — деди Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө «Кыргыз тесттен» өтүшү керек болот. Алардын мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>