Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат
31.05.2023 | 10:12
Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарындагы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Асман шаарынын долбоорун, кагаздарды даярдоого 1,5 жыл убакыт кетти.
“Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт”, – деди ал.
Жапаров билдиргендей, Асман шаарын сырттан келген инвесторлор курат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом