Депутаттар Курулуш агенттигинин директорунун ишин сынга алышты

Депутаттар Курулуш агенттигинин директорунун ишин сынга алышты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында  Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы жана агенттиктин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары талкууланды. Бул багытта аталган агенттиктин директору Мырзабек Жапаркулов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев жетекчинин комитетте жасаган баяндамасын сынга алып, негиздүү фактыларга көңүл бурулбаганын белгилесе, дагы бир депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунда курулуп жаткан турак жайлардын сапаты жана сарпталган каражаттар боюнча маселе көтөрдү. Бирок Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жапаркулов бул багытта алдыдагы күндөрү толук маалымат болот деп жооп берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Максатбек Сарбагышев агенттиктин алдындагы  Капиталдык курулуш башкармалыгы менен  Турак-жай курулуш департаментин бириктирүүнү сунуштап, бул коррупциялык көрүнүштөрдү алдын аларын кошумчалады.

Депутат Искендер Матраимов болсо аймактарда курулуш тармагына тиешелүү маселелер курч болуп турган чакта, жетекчинин чет өлкөгө байма-бай иш сапарларына чыгуусун сындап, агенттиктин директорун өз ишине татыксыз деп сыпаттады.

“Учурда кайсыл аймакта, канча курулуш жүрүп жатканын толук билбейсиз, кайрылуу каттарга дурус жооп бербейсиз.  Президент ишенип, жооптуу кызматка дайындаган жетекчинин иш-аракетинен жыйынтык жок”,- деди Матраимов.

Ошондой эле тармактык комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен облусунда салынып жаткан үйлөрдүн курулушуна байланыштуу Жогорку Кеңештин атына да кайрылуулар көп түшүп жатканына токтолду.

“Төраганын атына Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча 30 ишкерден кайрылуу келген, аны алдыдагы күндөрү комитет карайт. Алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чейин келип, нааразычылыктарын билдирип кетишти. Мындай жагдайларды көзөмөлгө алуу, жөнгө салуу сиздин түздөн-түз милдетиңиз болчу.  Тилекке каршы аталган жагдайга көңүл бурбай жатасыз, бул уят”, — деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү агенттиктин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы жана мекеменин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, аталган агенттиктин директорунун кызмат ордун кароону Министрлер кабинетине жөнөтүү сунушун колдошту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>