Ассоль Молдокматова орус шоумени Артур Цветковго жооп кайтарды

Ассоль Молдокматова орус шоумени Артур Цветковго жооп кайтарды

Моралдык чыгым катары бир миллион доллар өндүрүүнү көздөп, Ассоль Молдокматованын үстүнөн сотко кайрылганын айткан Артур Цветковго алып баруучу айымдын жактоочусу Рустам Абдурауфов ачык кайрылуу жасады. Анын билдирүүсү Ассоль Молдокматованын Фейсбук баракчасына жайгаштырылды. 

Анда жактоочу аларга эч кандай расмий билдирүү келбегендигин. Эгер тийиштүү документтер келсе алар жалаң гана мыйзамдын тили менен сотто гана сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Эске сала кетсек, 11-августта Vj Archi атту лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде кыргыз мигрантты сөгүп, аягында кол көтөргөн.
Жаңжалга тез-татым саткан жайга Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы мушташка айланган.

Кийин Артур Цветков инстаграм баракчасы аркылуу аталган окуя тууралуу пикирин айтты. Анда ал тез-татым жайынын ээси кечирим сурагандыгын айтып, “Бир нерсе жакпагандар силерди мекениңер күтүп жатат”, – деп билдирүү калтырган.

Бул окуядан кийин ортого Орусиядагы кыргыз элчилиги кийлигишип, тараптар кечирим сурашып, ынтымакка келишкен.
Бирок жакында эле Артур Цветков Ассоль Молдокматова ал катышкан окуядан “хайп” жасоого аракет кылып, күчөтүп жибергендиктен анын өмүрүнө коркунуч жаралып, күзөтчү менен жүрүүгө аргасыз болгондугун билдирген.

Мына ошондуктан анын уйкусуз өткөргөн түндөрү, моралдык чыгымы үчүн 1 миллион доллар соттон өндүрүп берүүнү өтүнгөндүгүн видео кайрылуу аркылуу жарыялаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>