Астанада Манастын эстелигинин ачылышы болду (сүрөт)
Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 19-апрелде Манастын эстелигинин ачылышы болду.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын президенттери, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.
Иш-чарада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Манастын эстелигинин борбор калаада орнотулушу казак элинин бооордош Кыргызстанга болгон сый-урматын көрсөтүп турарын айтты.
Ал эми Садыр Жапаров “Манас” эпосу кыргыз элинин тарыхий жана руханий мурасы экенин белгилеп, Токаевге жана эстеликтин ачылышына салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирди.
[image_carousel source=”media: 208460,208459,208458″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]