#Эркин TikTok. Кыргыз блогерлери президентке кайрылышты

#Эркин TikTok. Кыргыз блогерлери президентке кайрылышты

Кыргыз блогерлери TikTok тармагын ачуу талабы менен өлкө жетекчилигине кайрылды. Алар сервистин социалдык маанисин жана жаш ишкерлер үчүн ыңгайлуулугун айтышат.

«Ал жакта контентти тандап, зыяндуу маалыматтарды көрбөй коюуга болот. Анүстүнө бул — эркиндик, тандоо. Бүгүн TikTok жабылса, эртең мындай билдирүүлөр башка социалдык тармактарга дагы чыкпай калат», — дейт блогер Мээрим Төлөпберген.

Блогер Эрик Абдыкалыков жана Ротислав Ященко дагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылууну колдошту.

«TikTok тармагы өлкөнү дүйнөгө танытуу мүмкүнчүлүгү кенен. Андан тышкары билим берип, агартуучу дагы маалыматтар бар. Мисалы ал жакта «Илгери», «Тилимпоз», «Кыргыз тарыхы» деген профилдер бар», — дейт Эрик Абдыкалыков.

Белгилей кетсек, 19-апрелден тарта TikTok  Кыргызстанда расмий түрдө жабылды. Аны бардык интернет провайдерлер бөгөттөштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>