Астанада Манастын эстелигинин ачылышы болду (сүрөт)

Астанада Манастын эстелигинин ачылышы болду (сүрөт)

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 19-апрелде Манастын эстелигинин ачылышы болду.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын президенттери, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чарада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Манастын эстелигинин борбор калаада орнотулушу казак элинин бооордош Кыргызстанга болгон сый-урматын көрсөтүп турарын айтты.

Ал эми Садыр Жапаров «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхий жана руханий мурасы экенин белгилеп, Токаевге жана эстеликтин ачылышына салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>