Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстанда президенттик шайлоону январда өткөрүү сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду
13.08.2026 | 17:37

Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүү күнүн өзгөртүү сунушталууда. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнүн «октябрь айынын үчүнчү жекшембисинен» «январь айынын төртүнчү шаршембисине» которуу каралган.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар: Гульнара Акимбаева, Медербек Алиев, Таалайбек Сарыбашов, Бекмурза Эргешов, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков жана Улан Сариев демилгелешкен.
Жаңыланган тартип боюнча, шайлоо өткөрүлө турган күн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, кызматкерлердин эмгек акысы сакталган эс алуу күнү деп жарыяланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: мыйзам долбоор, шайлоо