Ата-эненин жоопкерчилигин да кароо керек, – депутат Сузактагы жаңжал боюнча

Ата-эненин жоопкерчилигин да кароо керек, – депутат Сузактагы жаңжал боюнча

Жогорку Кенештин депутаты Камила Талиева мектептердеги окуу класстарга видеокамераларды орнотууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги отурумунда билдирди.

Отурумда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Камила Талиева Сузак районунда мугалим менен окуучу ортосунда катталган  жаңжал бүгүн эле пайда боло калбагандыгын билдирип: “Бул көптөн бери келе жаткан көйгөй. Билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарда мугалимдин жоопкерчилиги гана каралып, ата-эненин жоопкерчилиги каралбай калган. Андыктан аталган маселеге көңүл буруп, мугалимдердин макамы корголушу керек. Айрыкча, ар бир окуу классына видеокамераларды орнотуу максатка ылайык”, – деп белгиледи.

Ошондой тармактык комитеттин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева мектептерге психологдор үчүн атайын штаттык бирдик ачуу маанилүүлүгүн айтып: “Бул балдар үчүн да, мугалимдер үчүн да зарыл”, – деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: депутат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>