Жердешинин «Лексус» унаасын тартып алган УКТнын мүчөсү кармалды

Жердешинин «Лексус» унаасын тартып алган УКТнын мүчөсү кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери тарабынан каракчылык жана уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1950-жылы туулган Я.Т., арыз менен кайрылып, 18-январда белгисиз адамдар үйдүн кулпусун бузуп үйүнө кирип, 10 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1993-жылы туулган Н.У. кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга катыштыгы аныкталган. Ал 2021-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарынын аймагынан А.М. аттуу Сокулуктун тургунун бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен «Лексус» үлгүсүндөгү унаасын ачык эле ээлеп алганы аныкталган. Бул факт да КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондой эле кылмышка шектүү жаран тоноого чейин жана андан кийин өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтуу менен коркутуп-үркүтүп жабырлануучудан 25 миң доллар акча талап кылганы аныкталган.

Кылмышка шектүү үстүбүздөгү жылдын 18-майында Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Тергөөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жогорудагы кылмыш фактыларын толугу менен мойнуна алган. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Тэги: тоноо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>