Ата-энеси өз алдынча дарылаган 7 жаштагы бала көз жумду

Ата-энеси өз алдынча дарылаган 7 жаштагы бала көз жумду

Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам клиникалык ооруканасында (мурдагы 3-балдар ооруканасы) жети жашар бала каза тапты. Аны ата-энеси дарыгерлердин көзөмөлү жок, өз алдынча дарылаганы айтылды. Маалыматты оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов «Клоопко» тастыктады.

Маманов баланы ооруканага 3-декабрь күнү оор абалда алып келишкенин белгиледи.

«Биз баланын өмүрүн сактап калууга бүт аракетибизди жумшадык, келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык. Бирок ден соолугу начарлап 5-декабрда каза болду», — деп билдирди башкы дарыгер.

Баланы алгач Нарын облусунда медиктер текшерип, дартын аныкташкан. Бирок белгисиз себептерден улам баланын ата-энеси дарыгерлер менен кеңешпестен, өз алдынча дарылап баштаган.

Дарыгерлер баланын өлүмү тууралуу укук коргоо органдарына билдирген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>