Борбор Азия боюнча эң арзан электр энергиясы Кыргызстанда

Борбор Азия боюнча эң арзан электр энергиясы Кыргызстанда

Энергетикалык секторго адистешкен британиялык Cable.co.uk порталы 230 өлкөдөгү электр кубатынын наркын салыштырды.

Порталдын маалыматына караганда, Борбор Азияда эң арзан электр энергиясы Кыргызстанда катталган. Бир киловатт-электр энергиясы 0,017 доллар.

Кыргызстан бул рейтингде төртүнчү орунда жайгашкан. Алтынчы орунда Тажикстан (0,023доллар), жетинчи орунда Өзбекстан (0,027 доллар) турат.

Казакстан 16-орунда. Бул өлкөдө 1 киловатт-саат электр кубатынын тарифи 0,039 долларга тете.

Дүйнөдөгү эң арзан электр кубаты боюнча үчилтикке Африкадагы Ливия (0,007 доллар), Ангола (0,013 доллар) жана Судан (0,014 доллар) өлкөлөрү кирген.

Электр кубатынын баасы кымбат мамлекеттерге Соломон аралдары (0,692 доллар), Ыйык Елена аралы (0,612 доллар) жана Вануату (0,591 доллара) кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>