Саламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар
“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов болду
30.03.2021 | 16:29
Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери болуп депутат Сайдулла Нышанов шайланды. Ал эми фракция лидеринин орун басары кызматы депутат Шайлообек Атазовго берилди.
“Ата Мекен” фракциясын буга чейин депутат Айсулуу Мамашова жетектеген. Ага чейин партия лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын лидери болчу.
3-мартта Жогорку Сот БШКнынТекебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Текебаевдин ордуна тизме боюнча кийинки турган Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге депутаттык мандат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат