Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Атамбаевди колдогон КСДПнын депутаттары суракка чакырылды
09.08.2019 | 13:39
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.
Депутатар суракка Кой-Таштагы окуяларга күбө катары чакырылган. Буга чейин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана Атамбаевдин жан сакчылары сурак беришкен. Ал эми КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка убактылуу кармоо жаына киргизилген.
Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 8-августта кечке маал мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн операциянын алкагында кармалып, УКМКга алынып келинген. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралып, 26-августка чейин камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат