Атамбаевдин абалы начарлап, сот залына «Тез жардам» чакыртылды

Атамбаевдин абалы начарлап, сот залына «Тез жардам» чакыртылды

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы абалы начарлап, «Тез жардам» чакыртылган.

Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени «майдачылдык» деп атаган. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айткан.

Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>