Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Иманалиев: Атамбаевдин Арашанды бөлүп кетем дегени Кыргызстандын көзүн оюп алганга барабар
27.06.2019 | 17:21
Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда баш мыйзамдагы 7 анттын алтоону бузган. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев парламенттеги Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча каралып жаткан жыйында айтты.
“Биздин мыйзам менен жашаганыбызга 90 эле жыл болду. Ага чейин биз ант менен жашаганбыз. Атамбаев баш мыйзамдагы жети анттын алтоону бузган.
- Президенттик ыйгарым укуктарын адилетүү ишке ашырган эмес;
- Адамдын жана жарандын укугун коргобой кордогон;
- Конституциянын талаптарын так аткарбай, 2016-жылы Конституция кабыл алган.
- Элдин бүтүндүгүн камсыз кылбай Нарындык жана Таластык туугандара карата туура эмес сүйлөгөн.
Эгер куранды бузса кудайдын жазасын тартат, мыйзамды бузса соттун жазасын тартат, антты бузса каргыштын жазасын тарат. Анттын каргышы 100 жылдык. Биринчи ант анан нарк бузулду.
Кимде-ким Чүйдү бөлүп кетем десе, Аламүдүндү бөлүп кетем десе, Арашанды бөлүп кетем десе анда Кыргызстандын көзүн оюп алганга барабар”, – деди Иманалиев.
Рубрики: Видеосюжеттер, Жаңылыктар