Бишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалдыБишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстүПрофилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилетКыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстү
Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту
21.02.2020 | 15:47
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин 50дөй тарапташтары чогулду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков менен Асел Кодураңова да бар.
Чогулгандар мурдагы президенттин ден соолугунан кабатырланышып, аны менен жолугушууну талап кылышкан.
Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу мурдагы президенттин абалы начарлап жатканын билдирген.
Ал эми УКМК Атамбаевдин абалы туруктуу экенин айтып, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлдө экенин кабарлаган.
20-феварлда Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаевден кабар алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом