Кыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чуу
Министрлик: Көл-Суу көлүнүн жээги таштандылардан тазаланды
17.08.2026 | 10:36

Жаратылыш ресурстары министрлиги Ат-Башы районундагы Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактары таштандылардан тазаланганын билдирди. Тазалоо иштерине «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана аймактагы туризм тармагынын өкүлдөрү катышкан.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда көлдүн жээгинде ар кайсы жерге ташталган жана үйүлүп жаткан таштандылар тууралуу видеолор тараган.
Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы үч күндө жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, таштандылар жээкке сүрүлүп келген. Ошондой эле тазалык акциялары аталган аймакта туруктуу негизде өткөрүлүп турары айтылды. Мекеме жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана экологиялык маданиятты сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом