Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
ЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — Эрдоган
18.08.2026 | 10:05

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган «Al Jazeera» телеканалына берген маегинде Түркиянын Европа Биримдигине кирүүсү өлкө үчүн мындан ары артыкчылыктуу маселе эмес экенин, бирок Анкара ЕБге мүмкүн болгон мүчөлүк үчүн эшигин жаппай турганын билдирди.
Ал Түркия ЕБге кирүү идеясынан баш тартпаганын, бирок бул маселе мындан ары биринчи кезектеги мааниге ээ эмес экенин түшүндүрдү. Анын пикиринде, эгерде Евробиримдик Түркияны четке кагууну улантса, өзү утулат.
Эске салсак, Түркия 1999-жылдан бери ЕБге кирүүгө талапкер статусуна ээ. Кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы башталган, бирок учурда ар кандай маселелер боюнча келишпестиктерден улам алар иш жүзүндө токтоп турат.