Кыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстү

20.08.2026 | 12:06
Доходы Кыргызстанцев выросли на 18,7% в первом квартале 2026 года — Новости Кыргызстана

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи чейрегинде калктын номиналдык акчалай кирешеси 269,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7%га көбөйгөн.

Жалпы кирешенин 212,1 млрд сому эмгек ишмердигинен түшкөн кирешеге, 34,2 млрд сому социалдык трансферттерге, 16,8 млрд сому жеке көмөкчү чарбадан түшкөн кирешеге, 6,1 млрд сому башка акчалай түшүүлөргө туура келген.

Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 244,5 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8%га өскөн.

Калктын жан башына эсептелген колдо болгон акчалай киреше — башкача айтканда, милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр алынгандан кийинки киреше — республика боюнча айына орточо 12 726,2 сомду түздү. Бул 2025-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 16,4%га көп.

Scroll to Top