Атазов: Апам казинону «колдобо» дегенине карабай колдогом. Азыр өкүнүп жатам (видео)

Атазов: Апам казинону «колдобо» дегенине карабай колдогом. Азыр өкүнүп жатам (видео)

Кумарканалар тууралуу мыйзамды апамдын «колдобо» деп айтканына карабай, президенттин саясаты үчүн деп добуш бергенмин. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Түркиядан дарылануудан келген эл өкүлү акыркы мезгилде анын айланасында айтылып жаткан сөздөр, мандатынан ажыртылышы жана башка маселелер тууралуу сүйлөдү.

«Мен мамлекеттик саясатты, бардык мыйзамдарын колдоп келдим. Конституцияны, Кумтөрдү, тууну, Кемпир-Абадды колдодум. Сиздерге барганда «президентти, Ташиевди (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев — ред.) колдо» деп айтасыңар. Мына силер айткандай кылдым. Жыйынтыгында ушундай болуп жатат», — деди ал.

Ал 2022-жылы өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берген мыйзамды колдогону үчүн азыр өкүнүп жатканын билдирип, элден кечирим сурады.

«Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым «эй балам, кумарканаларды колдобо» дегенине карабай, мамлекеттин экономикасы, президенттин саясаты деп  добуш бердим. Ошол кумарканаларды колдогонум үчүн кечирим сурайм. Мен туура эмес кылып койгон экем. Бул жакка Акылбек Жапаров келип «колдогула, жылына 2 млрд сом түшүрөбүз» деп айткан. Кечээ карасам 100 млн сом да түшпөптүр. Акылбек Жапаров баарыбызды «2 млрд сом» деп алдаган үчүн колдоп койгом. Кумаркананы колдогонум үчүн өкүнүм жатам. Орозодо кечирим сурайм», — деди Атазов.

Эскерте кетсек, 6-мартта Бишкектин Административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратып, анын ордуна Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таануу тууралуу чечим чыгарды. 2022-жылдагы шайлоодо ал экөө атаандаш болуп, Муртазалиев шайлоону уткан. Бирок БШК аны добуш сатып алган деген жүйөө менен талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болгон.

Атазовдун мандатынан ажыратылышы Райымбек Матраимов менен жакындыгына байланыштырылууда.

Атазов: Башкы прокурор Зулушев өзү дагы Матраимов менен байланышкан

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>