13 депутат мандаттан айрылды. Парламентте комиссия түзүү сунушталды

13 депутат мандаттан айрылды. Парламентте комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын 13 депутаты мандаттан айрылып жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Ал эки жыл ичинде 13 эл өкүлү ыйгарым укуктарын тапшырганын белгиледи.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков ар кандай себептер менен мандатынан кол жууп калган эл өкүлдөрү боюнча комиссия түзүп карап чыгууну сунуштады.

«Бул туура эмес, мындай болбош керек. Карап чыгалы. Биздин укуктарыбыз тебелеп-тепселенип жатат. Парламент бийликтин бир бутагы», — деди ал.

Белгилей кетсек, Орозайым Нарматова, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Абиров,  Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов, Искендер Матраимов, Абдыбахаб Боронбаев, Эмилбек Жамгырчиев жана Нурлан Ражабалиев мандатынан айрылган. Алардан тышкары Шайлообек Атазов менен Бакыт Чойбековдун макамынан ажыратуу боюнча соттун чечими бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>