Атазов суроолорго расмий тилде жооп берген чиновникке эскертүү берди (видео)

Атазов суроолорго расмий тилде жооп берген чиновникке эскертүү берди (видео)

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов мамлекеттик тилде суроо узаткан депутаттарга расмий тилде жооп берген экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахмановго эскертүү берди.

Отурумда Канатбек Абдрахманов «Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө» макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам боюнча мамлекеттик тилде баяндама кылган. Андан кийин депутаттар мамлекеттик тилде узаткан суроолорго расмий тилде жооп бере баштаган. Сөз Шайлообек Атазовго тийгенде ал Абдрахмановго суроолорго расмий тилде жооп берип жатканына эскертүү берди.

«Өткөндө сизге бир эскертүү бергенбиз. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынганын билесизби? Ал жөнөкөй мыйзам эмес, конституциялык мыйзам. Өзүңүздү өтө билимдүү көрсөтүп жатасызбы же конституциялк мыйзамды тоготпой жатасызбы?», — деди ал.

Депутаттын эскертүүсүнө ал «жок, Шайлообек Карыбекович, (мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө – ред.) аракет кылып жатабыз» деген жооп узатты.

Андан кийин Атазов министрдин орун басарын суроолорго мамлекеттик тилде жооп берүүнү суранды.

Сөзүн улай Атазов комитеттин төрагасы Улан Примовго кайрылып, министрдин орун басары расмий тилде жооп берүүгө уруксат сурадыбы деген суроо узартты.

Жооп иретинде Примов Кыргызстанда орус тилинин расмий деген макамы бар экенин белгилеп өттү.

«Уруксат сураган жок. Бирок сиздер билгендей, бизде орус тилинин расмий макамы бар. Орусча суроо бергени үчүн орусча жооп берди окшойт», — деди Примов.

Атазов Примовго жооп кылып,  буга чейин министрдин орун басарына суроо берип жаткан депутат Чыңгыз Айдарбеков 5 тил билерин, бирок мамлекеттик тилде сүйлөп жатканын белгиледи.

«Сизге эскертүү (министрдин орун басарына -ред), бизге келгенде маалыматтарды, жоопторду мамлекеттик тилде берип жүрсөңүз», — деди Атазов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>