Статком: Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң сомду түздү

Статком: Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң сомду түздү

2023-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32 миң 78 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчетунда айтылат.

Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд  долларга жетти. Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1 850 млрд долларды, ал эми импорт 23%га өсүп, 7,5 млрд доллар көөлөмүндө болду.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча дагы олуттуу өсүш байкалды, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп.

9 айда 35,5 млрд сом жүк ташылып,  791 млрд сом дүн жана чекене соода жүргөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түздү. Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>