Аткезчилик менен 20 млн сомдук товарлардын киргени аныкталды

Аткезчилик менен 20 млн сомдук товарлардын киргени аныкталды

20 млн сомдук товарлардын мыйзамсыз ташып кирип бара жатканы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жалпы 20 млн сомдон ашык суммадагы медикаменттерди, балдар тамак-ашын, кездемелерди, жалаяктарды, кондитердик азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунан товарларды үй буюмдары катары ташып кирген автоунаалар кармалды (үй буюмдарына ташып келүүгө документтер таризделбейт).

Автоунааларда 6552 таңгак түрдүү дары-дармектер, 4009 банка балдар тамак-ашы, 48384 даана Alpen Gold шоколады, 57888 даана Snickers шоколады, 1800 даана электрондук тамеки, 102 оролмо кездеме, арыктоо үчүн 680 таңгак чай, 450 таңгак Huggies балдар жалаягы табылган.

Автоунаалар товарлары менен кошо мөөр басылып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>