Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Аткезчилик менен өсүмдүк майын алып бара жаткандар кармалды
07.04.2022 | 17:00
Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун «Достук» каналынын жээгинен чекарачылар «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк – 1500дөн ашык беш литрлик бөтөлкө өсүмдүк майы табылган. Унаанын айдоочусу 1971-жылы туулган Н.П. экени такталып, ичинде жүргүнчү катары жүргөн И.М.да бар болгон. Жарандар Кыргызстандан Тажикстанга товарларды алып чыгууну көздөшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 1 миллион сомго жакын болгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана жүктөр андан ары ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар