UFC чемпиону Валентина Шевченкого алабай күчүгү белекке берилди. Ал социалдык тармактагы баракчасына ит менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
«Эми менин өзүмдүн алабайым бар! Эмне деп ат койсом?», — деп спортчу «Инстаграмдагы» катталуучулары менен кеңешти.
Жекшемби күнү, 21-ноябрда Валентина Шевченко Бишкекке келген. Кечээ ал президент Садыр Жапаров менен жолугушту.
Шевченко Кыргызстанда эки ай болоорун пландоодо, спортчу өз мекенине эки жылдан бери келе элек болчу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram