Афганистандагы селден 40 ашуун адам каза болдуСалык кызматы мүлк салыгын Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу кантип төлөө керектигин түшүндүрдүМэрия бишкектиктерге чечилип алынган терезе торлорун кайтарып бербей жататЧүй облусунда айыл өкмөт башчысы бюджеттик каражаттарды уурдоого шектелип кармалдыКР Саламаттыкты сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол коопсуздугу боюнча панелин жетектедиЭс алууда инфекция жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтуу керек — дарыгерлердин кеңеши
Өлкө аймагында жума күндөн тарта аба ырайы кескин төмөндөйт
23.11.2021 | 14:23
Жума күнү, 26-ноябрда Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 26-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын күтүлөт.
26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, Талас өрөөнүндө -7…-12°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7… -12° суук болушу күтүлөт. Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1 градустан -6 градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда -8 градустан -13 градуска чейин, Нарын облусунда -10 градустан -15 градуска чейин, тоолуу райондордо – -22 … -27 ° чейин суук болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом