Авариядан улам Бишкектин бир бөлүгү убактылуу суусуз калды

10.07.2026 | 13:04
Из-за аварии часть Бишкека временно осталась без воды — Новости Кыргызстана

ХБО суу алгычындагы авариядан улам Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү убактылуу чектелди. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Кырсык 10-июль күнү эртең менен суу алгычтын электр жабдууларында болгон. Жогорку Чүй каналы (ВБЧК) – Анкара – Кыдыр-Аке – Оберон – Льва Толстого – Аламүдүн дарыясы – Горький – 7-апрель – ЖЧК көчөлөрү менен чектелген аймактар убактылуу суусуз калды.

Учурда адистер жабдууларды текшерип, авариянын кесепеттерин жоюп жатышат. Оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда суу алгычтын электр энергиясы толугу менен өчүрүлгөн, ошондуктан насостук жабдуулар иштебей турат.

Тургундар үчүн ичүүчү сууну ташып жеткирүү уюштурулат. Суу качан берилери тууралуу «Бишкексууканал» кошумча маалымат берүүнү убадалады.

Теги: мэрия
Scroll to Top