Жарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандарКыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алатКазакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскерттиТИМ: Түндүк Кипрде жабыркаган кыргызстандыкка кайрадан операция жасалатКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды
“Автобустар жетпей жатат”. Депутат дагы 1 млрд сомго автобустарды сатып алууну сунуштады
05.09.2024 | 10:44
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келерки жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекке 1 млрд сомго автобустарды сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал Бишкек мэриясынын Ош шаарына 100 троллейбусту бергени туура эмес болгонун айтып өттү.
“Бирок шаардан кичи автобустарды алып салганыбыз туура болду. Ошентсе да Бишкекте коомдук унаалар жетпей жатат. 2025-жылы коомдук унааларды сатып алууга бюджетке 1 млрд сом караштырып коелу. Жаңы конуштардан чалып, автобус тигил же бул жакка каттабай жатканын айтып жатышат”, – деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекке 100 млн долларга 1 миң автобус сатып алынган. Жаңы алынган автобустардын 50сү Жалал-Абад шаарына берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом