Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Автоунаанын мамлекеттик номурлары аз калды. Номурлар качан келерин Каттоо кызматы жооп берди
15.11.2019 | 15:05
Мамлекеттик каттоо кызматында автоунаанын мамлекеттик номурлары чектелүү гана санда калгандыктан айрым аймактарда тартыш болууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргенин «Азаттык» жазды.
Маалыматка ылайык, бул маселе 20-ноябрда чечилет. Тактап айтканда номур жасоочу темир Орусиядан келет. Учурда номерлер бар бирок, саны аз калды. Тендердин жыйынтыгы боюнча номерге керектелүүчү темир ноябрдын жыйырмаларында келет. Андан кийин бул көйгөй чечилет. Азыр чектелүү болгондуктан айрым райондордо жетпей калууда.
Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк декабрдын башынан баштап бериле баштайт. Ага чейин айдоочуларга убактылуу документ берилип жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом