Көчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Аял эки кызы менен каналга кулап кетти
27.09.2021 | 16:44
Ош облусунун Кара-Суу районунда бир аял эки жаш кызы менен каналга кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык 26 -сентябрь, жекшемби күнү саат 16:00 чамасында болгон. Маалым болгондой, куткаруучулар келгенге чейин аял менен үч жашар кызды күбөлөр суудан алып чыгышкан. Бир жарым жаштагы кызы агып кеткен. Аны издөө уланууда.
Алдын-ала маалыматтар боюнча кыздар каналга түшүп кеткен, ал учурда алардын апасы дааратканага кирген. Аял кыздарын куткаруу үчүн сууга секирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар