Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ноокатта базардан Кызыл китепке кирген кумай канаттуусу табылды
18.08.2026 | 13:01

Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы чөп базардан сатуучулар Кызыл китепке киргизилген кумай канаттуусун таап алышкан. Табылган канаттуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматында, кумай Ноокат райондук ветеринария башкармалыгында текшерүүдөн өткөрүлгөн. Дарыгерлер канаттуунун абалы жакшы экенин жана эч кандай оорусу жоктугун тастыкташкан.
Медициналык кароодон кийин сейрек кездешүүчү кумай кайрадан жаратылышка, өзүнүн табигый чөйрөсүнө коё берилген.
Теги: Кызыл китеп, Ноокат