Футбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алдыАйрым аймактарда жаан жаайт: 20-августка карата аба ырайыТигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректер
Аял эки кызы менен каналга кулап кетти
27.09.2021 | 16:44
Ош облусунун Кара-Суу районунда бир аял эки жаш кызы менен каналга кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык 26 -сентябрь, жекшемби күнү саат 16:00 чамасында болгон. Маалым болгондой, куткаруучулар келгенге чейин аял менен үч жашар кызды күбөлөр суудан алып чыгышкан. Бир жарым жаштагы кызы агып кеткен. Аны издөө уланууда.
Алдын-ала маалыматтар боюнча кыздар каналга түшүп кеткен, ал учурда алардын апасы дааратканага кирген. Аял кыздарын куткаруу үчүн сууга секирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар